Кыргыз спортчулары Бакуда өтө турган Ислам тилектештик оюндарына катышат

Кыргыз спортчулары Азербайжандын борбору Баку шаарында 12-22-май аралыгында өтө турган Ислам тилектештик оюндарына катышат. Бул тууралуу Улуттук Олимпиада комитети билдирет.

4-ирет өткөрүлүп жаткан оюндарда 20 спорт түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, 5 миңден ашуун спортчулар катышышат. Кыргыз өлкөсүнүн атынан 11 спорт түрү боюнча 70ке жакын спортчулардын катышары күтүлүүдө.

Аталган оюндардын алгачкысы 2005-жылы Сауд Арабиясында өтсө, акыркысы 2013-жылы Индонезияда өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан