Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте катуу шамалдан улам дарактар кулады.
Болжол менен саат 15:00дө катуу шамал катталган, Эркиндик көчөсүндө УКМКнын имаратынын жанында токтотулган унаалардын үстүнө дарактар кулаган. Жалпысынан 4 унаа жабыркаганы айтылууда. Кырсыктан жаракат алгандар жок. Ошондой эле дарактардын бутактары сынып, электр зымдары үзүлдү. Мындан тышкары катуу шамалдын айынан "Ала Тоо" аянтындагы өлкөнүн негизги желеги айрылган, бирок жарым сааттын ичинде ал алмаштырылды.
Айта кетсек, бүгүн Бишкекте батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетери айтылган.