Топ-Лига-2017: “Абдыш-Ата” конокто “Нефтчини” утса, "Алга" "Кара-Балтаны" жеңди

Бүгүн, 11-апрелде футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лиганын 2-турдук оюндары өттү. Анда Бишкек шаарында “Кара-Балта” “Алга” менен кез келип, ири эсепте жеңилди. Оюн Футбол федерациясынын талаасында өтүп, 1-таймда эсеп ачылган эмес. Экинчи бөлүктө “Алга” чабуулун күчөтүп, 4:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бишкектик команданын чабуулчусу Ильдар Амиров хет-трик (үч гол киргизүү) жасаганга жетишти.

Кочкор-Атада жергиликтүү “Нефтчи” канттык “Абдыш-Атаны” кабылдады. Оюндун жүрүшүндө үй ээлери бир гол жарата алса, коноктор үч гол менен жооп кайтарышты. Башкы калыстын финалдык ышкырыгы 3:1 эсебин каттады. Бул жеңиш менен “Абдыш-Ата” 2 турдун жыйынтыгында 6 упай чогултуп, 1-орунга көтөрүлдү.

2-тур эртең Ош шаарында “Алай” – “Дордой” беттеши менен уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
EddieNigma
2017-04-11 17:47:38
Абдыш-Ата чемпион болсунчу! Алай м-н Дордой тен чыкса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан