12-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында италиялык “Ювентус” өз үйүндө испандык “Барселонаны” кабыл алды.
Эсепти оюндун 7-мүнөтүндө Паоло Дибала ачты. Андан соң футболчу өзү дубль жасап экинчи голду 22-мүнөттө атаандашынын дарбазасына киргизди. Оюндун экинчи жарымында 55-мүнөттө италиялык Жоржо Кьеллини үчүнчү голду киргизди.
Жыйынтыгында "Ювентус" "Барселонаны" 3:0 эсебинде утту. Жооптук оюндар 19-апрелде Испаниянын "Камп ноу" стадионунда орун алат.