Чаткал районундагы "Жамгыр" алтын кенинде бир адам каза болду. Маалыматка караганда окуя 9-апрель күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда тазалоочу бөлүктө тоо теги урап, 40 жаштагы жумушчуну басып калган. Учурда ал жакка Талас облусу менен гана баруу мүмкүн болгондуктан ишти Кара-Буура районунун милиция кызматкерлери иликтеп жатышат. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, кырсык боюнча толук маалымат беришкен жок.
Айта кетсек, алтын кен Жалал-Абад облусу менен Талас облусу чектешкен аймакта жайгашкан. Ал жакта кен казуу иштерин Vertex Gold ишканасы жүргүзүп келет.