Орусиянын Тверь облусунда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун курамында согушка катышууга үндөшкөн" деп шектелип 5 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Твердеги диний-экстремисттик топтун лидери жердештерин Жакынкы Чыгыштын аймагында болуп жаткан согушка катышууга үндөп келишкен. "Издөөнүн жүрүшүндө диний-экстремисттик мүнөздөгү китептер, видеоматериалдар табылды. Аталган топтун лидерине "Террордукка көмөктөшүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда", - деп билдирет мекеме.