Нарында 800 эчкинин терисин уурдоо: келтирилген зыян 400 миң сомго бааланды

Нарын облусунда 800 эчкинин териси уурдалган. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2-мартта болгон. "Кампада сакталган 800 тери уурдалган. Анын ээси 36 жаштагы А.А. келтирилген зыянды 400 миң сомго баалады. Бул кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 24 жаштагы 3 тургуну жана 25 жаштагы бир тургуну кармалышты. Тиешелүү материалдар топтолуп, облустук милициянын тергөө бөлүмүнө тапшырылды. Тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2017-04-13 06:50:03
Эшек тугонун эчкиге оттунорбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан