13-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндары уланат. Анда “Бавария” өз үйүндө мадриддик “Реалды” кабыл алса, “Атлетико” Англия чемпиону “Лестер” менен ойнойт. Ошондой эле кечээ күнү болбой калган “Боруссия Д” менен “Монако” клубдарынын беттеши Дортмунд шаарында өтөт.
"Бавария" (Германия) - "Реал М" (Испания)
Стадион: Мюнхен шаары, "Альянц Арена" стадиону.
Калыс: Никола Риццоли (Италия).
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).
Европанын дөө-шаа командаларынын тиреши дүйнө жүзүндөгү футбол сүйүүчүлөрдүн назары бүгүн Мюнхен шаарында. Немис футболунун жүзү саналган “Бавария” учурдагы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү “Реалдын” оюну финалга тете оюн саналат. Эки команданын чыныгы күчү аталган оюнда сыналат. Бул оюнга “немис машинасынын” башкы бомбардири Роберт Левандовскинин оюнга чыгары күмөн жаратып жатат. Бирок аны Томас Мюллер алмаштырууга даяр. Франк Рибери менен Арьен Роббен “экинчи жаштыгын” өткөрүп жатышкан учуру. Башкы машыктыруучу Карло Анчелотти “Реалды” машыктырып жүргөн кезде анын жардамчысы катары Зинедин Зидан эле. Эми шакирт устатынан канчалык өтөрүн Зизу көрсөтөт. Роналду баштаган мадриддик команда контр чабуул жасоо боюнча мыктылардын сап башында. Андыктан бул беттеш голго бай болору айтпаса да белгилүү болсо керек...
"Атлетико" (Испания) - "Лестер" (Англия)
Стадион: Мадрид шаары, "Висенте Кальдерон" стадиону.
Калыс: Юнас Эрикссон (Швеция)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).
Диого Симоене аталган оюн “Атлетико” үчүн оңой болбой турганын белгилейт. Өз үйүндө мыкты оюнду көрсөтө билген мадриддик команда алгачкы оюнда жеңүүсү маанилүү. Антуан Гризманн баштаган команда чабуулга ыктап ойноого аракет кылат. Чындыгында, учурда Англия чемпионунан эмне күтсө болорун эч ким билбейт. Оюндун ыгын таап алышса Крейг Шекспирдин шакирттери кайсы команда болбосун таш талканын чыгарганга даяр. Жейми Варди адаттагыдай алгачкы мүнөттөрдөн тарта гол жаратууга белсенет. Болгону анын командалаштары аны топ менен камсыздап туруусу абзел.
“Боруссия Д” (Германия) – “Монако” (Монако)
Стадион: Дортмунд шаары, "Сигнал Идуна Парк" стадиону.
Калыс: Даниэло Орсато (Италия)
Башталышы: 22:45 (Бишкек сааты боюнча).
Дортмунддагы жолдун боюндагы жардыруудан улам өз убагында болбой калган беттеш бүгүнкүгө жылдырылган. УЕФА башчылары бардык оюндарда коопсуздукту күчөтүү керектигин билдиришти. Аталган жардыруудан улам “Монако” башчылары бул оюнду башка күнгө жылдыруу өтүнүчү менен УЕФАга кайрылуу жасашты. Эми оюн өз убагында өтөбү же жокбу, учурда талкууланууда.