12-апрелден 13-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында “Боруссия Д” менен “Монако” клубдарынын беттеши өттү. Дортмунд шаарында өткөн беттеш 3:2 эсебинде "Монако" командасынын жеңиши менен аяктады. Голдор: Мбаппе (19-мүнөт), Свен Бендер (өз дарбазасына) (35-мүнөт), Дембеле (58-мүнөт), Мбаппе (79-мүнөттө), Кагава (84-мүнөт).
19-апрелде командалар ортосунда жооптук оюн орун алат. “Монако” өз үйүндө “Боруссия Д” клубун кабыл алмакчы.
Белгилей кетсек, аталган эки команданын беттеши кечээ өтмөк. Дортмунд шаарындагы жардырууга байланыштуу беттеш артка жылдырылган эле.