Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндары уланууда. 13-апрелде "Бавария" өз үйүндө мадриддик "Реалды" кабыл алды. Алгачкы беттештин жыйынтыгы: 2:1. Жеңүүчү - "Реал". Бул беттеште "Бавариянын" башкы бомбардири Роберт Левандовски алган жаракатынан улам майданга чыккан жок. Экинчи таймда "Бавариянын" жарым коргоочусу Хави Мартинес экинчи сары айып кагазын алганына байланыштуу оюн талаасынан четтетилди. Бул атаандаш командага артыкчылык түзүп берди. Голдор: Видаль (26-мүнөттө), Роналду (47, 77-мүнөттөрдө).
18-апрелде командалар ортосунда жооптук оюн өтөт, "Реал" өз үйүндө "Баварияны" кабыл алат. Командалардын Чемпиондор Лигасындагы тагдыры ошол оюнда чечилмекчи.
Ал эми бүгүн "Атлетико" клубу "Лестерди" 1:0 эсебинде жеңди. Жалгыз голдун автору - Антуан Гризманн (28-мүнөттө, пенальти).