Футбол боюнча 23 жашка чейинки улуттук курама командасы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарына даярдыгын баштады. Башкы машыктыруучу Валерий Березовский курамга 24 оюнчуну чакырды. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.
Белгилүү болгондой, машыгуу сбору Бишкекте өтүүдө. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча кыргыз футболчулары “А” тайпасында Иран, Оман жана Шри-Ланка менен ойнойт. Аталган беттештер Бишкекте 19-23-июлда өткөрүлөт.
Курамга чакырылган футболчулар:
Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков, Дастан Алыбеков.
Талаадагы оюнчулар: Данил Сокирченко, Аманбек Маныбеков, Аскарбек Салиев, Мустафа Юсупов, Георгий Славный, Манас Карипов, Атай Джумашев, Азим Азаров, Нуртай Курмантай уулу, Арстан Кудайбердиев, Суйунтбек Мамыралиев, Бахтияр Дүйшөбеков, Султан Момунов, Гамзи Набиев, Айзар Акматов, Олег Райков, Эрзат Токталиев, Элдияр Сардарбеков, Элхан Темирбаев, Виктор Кельм, Абай Боколеев, Роман Ковалев.