18-апрель күнү АФК Кубогунун алкагында Бишкекте өтө турган “Дордой” – “Алтын Асыр” беттешинин билет баасы 100 сомду түзөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бул тууралуу “Дордой” футбол клубунун пресс-кызматы билдирет.
Аталган оюн “D” тайпасындагы 3-турдук оюн болуп эсептелинет. “Алтын Асыр” учурдагы Түркмөнстандын чемпиону. Ошондой эле бул күнү “Алай” конокто Тажикстандын чемпиону “Истиклол” менен беттешет.
2 турдук оюндан кийин “Истиклол” менен “Алтын Асыр” 4төн упайга ээ, “Дордой” 3, ал эми “Алай” азырынча упайга ээ эмес.