Жалал-Абадда "Транс-Юг-Авто" фирмасынын жетекчиси 8 миллион сомдук салыкты жашырган

Жалал-Абаддагы "Эл достугу" аянтын куруп жаткан "Транс-Юг-Авто" фирмасынын башчысы Немат Сидиков курулуш материалдарды Кытайдан арзан баада алып келип, бул жерден жалган счёт-фактураны колдонуп, белгисиз жалган фирмалардан сатып алдык деп, баасын көбөйтүп көрсөткөн". Мындай маалыматты аталган облустун коопсуздук башкармалыгынын тергөө бөлүмү билдирди. Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Н.Сидиков кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалган. Биринчи соттун санкциясы менен эки айга камакка алынган, кийин 3-апрелде соттун чечими менен 6-майга чейин мөөнөтү узартылган. Маалыматка ылайык, учурда салыктык жактан текшерүү бүтүп калды. Н.Сидиков бардык сатып алган курулуш материалдары үчүн кошумча нарк салыгын төлөгөн эмес жана ал 8 миллион сом салыкты жашырып койгон. Н.Сидиковго байланыштуу тергөө иштери май айынын ичинде бүтөт. Кошумчалай кетсек, жалган счёт-фактура жазып берген фирмалардын жетекчилери да жоопко тартылары айтылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shuma94
2013-05-08 09:28:10
кыныр иш 40 жылда билинет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан