Өлкөнүн волейбол боюнча чемпиондугунун 2-турдук оюндары Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирет. Маалым болгондой, оюндар 26-апрелден 30-апрелге чейин уланат.
Эске салсак, Улуттук Лиганын 1-туру 25-февралдан 1-мартка чейин Бишкекте өткөн. 6 команданын катышуусунда өткөн мелдештин сап башында учурда «Ош Бажы EREM» командасы келе жатат.
Ошондой эле Жогорку Лиганын оюндары да Ош шаарында өтөт.