Кыргыз элинин залкар обончусу жана ырчысы Чубак Сатаевдин "Түштүк кызы" ырын Аваз Акимов ырдап чыккан. Ырчы чыгарманы Кубаныч Сатаевден уруксат сурап ырдап чыкканын, ага клипти Ош шаарында тартканын айтат.
"Кубаныч байке "бул чыгарманы мен аткаргам, жаш муундардан сен ырда" деп макулдугун берди. Клиптин режиссёру - Эрнист Сыдыков, идеясы да ага таандык. Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо тартылды. Андагы бийик тоодо тартылуу ары кызыктуу, ары коркунучтуу болду. Негизи ал жакка чыгууга уруксат беришпейт экен. Бирок бизди сыйлап, клипке тартылууга мүмкүндүк беришти. Чыгып баратсак, ары жакта турган улуу аксакал киши "ай, ал жакка эмне бар? Түшкүлө" деп урушуп жатты. Кооз кадр алынышы үчүн бийик чокуга чыгуу учурунда баш айланып, коркуу сезими пайда болду. Бирок баарын билдирбей, башкы каарман экөөбүз бийиктикке чыгып кеттик", - деп сөзүн жыйынтыктады Аваз Акимов.
Аваз Акимовдун "Түштүк кызы" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.