Кыргыз спортчулары Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык 2nd Turkish Open International Kickboxing Tournament кикбоксинг боюнча мелдеште 2 медаль тагынышты. Бул тууралуу кикбоксинг уюмунун WAKO расмий сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, иш-чара 6-9-апрелдерде өтүп, ага 14 өлкө катышкан. Беттеш бир нече салмак категорияларында ар кайсы түрү боюнча болгон.
Кыргыз спортчусу Авазбек Аманбеков full contact түрү боюнча 57 килограмм салмакта түркиялык атаандашы менен чыгып, жеңишке жетишип алтын медаль тагынды.
Ал эми Рустам Ибрагимов low kick түрүндө 60 килограмм салмакта түркиялык мушкер менен чыгып, 2-орунга татыды.
Ошону менен Кыргыз өлкөсү 2 медаль менен жыйынтыгында 8-орунду ээлегени маалым болду.