Москвада мекендештерин карактап, тоногонго шектүү 2 кыргыз изделүүдө

Москвада мекендештерин карактаганга шектүү 2 кыргыз изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлү Аскат Алиев кабарлады.

"11-апрелде Москва шаарынын полиция кызматкерлери тарабынан, каракчылыкка шектүү Кыргыз Республикасынын 21 жаштагы У.Ш. аттуу жараны кармалып, камакка алынган. Жанындагы кылмыш кылган шериктери из жашырып кетишкен. Азыркы күндө өкүлчүлүккө келип түшкөн маалыматка ылайык, сүрөттөгү адамдар өз мекендештерибизди карактаган бир нече фактылар бар. Ошондуктан кимде-ким булардын колунан жабыр тарткан болсо, бизге арыз менен кайрылууңуздарды суранабыз", - деген Аскат Алиев.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр көбүнчө түнкүсүн, такси кызматындагы мекендештерге курал менен кол салып, тоноп жүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
solntse95
2017-04-15 15:07:42
Жон эле журбойсунорбу бироонун жеринде, кыныр иш азыр 4 кундо билинип калат... Уурулук кылгандан коро грузчик болуп иштесенер кобурок тапмаксынар...
+11
bosmos777
2017-04-15 15:10:08
Уят! Ботон Элде!Мекендештер эптееп, тиргилик кылып журушсо.
+9
Tansuluu09
2017-04-15 15:10:37
Болмок Беле ушундай, ар кимди тонобой эле иштей турган балдар экенго.
Канча адамды какшатып кетишти экен ?
Арам тамак тешип чыгат. АК мээнетин менен акча тапканга эч нерсе жетпейт.
Чет жакта бири бирибизди колдогондун ордуна тоноп, уруп , соккон жакшыбы?
+10
Ailajoktonkettimai
2017-04-15 15:30:37
Акмакчылык! Жазанарды алгыла!
+5
sherzatik
2017-04-15 15:44:51
Мындай кыргыздын жигиттери миңдеп саналат. Москвада эле эмес Россиянын баардык жеринде. Таш боор ыймансыз адамдардын колунан келген иш деп эсептейм . Бөтөн жерде ансыз деле жашообуз жыргатаарлык эмес. Кыргызга кыргыз душман экенин аныктап жатышат. Баарыңарды ынтымака чакырам!!! Ойгон кыргыз ойлон кыргыз!!!
+11
kayrat1985
2017-04-15 16:00:34
Кудаай кааласа насип кылса тез арада табылып оз жазаларын алышып калсын!
+7
nur...nur.
2017-04-15 16:01:52
Колун буту соо акыл ээси жайында, меенет кылып иштебейсинерби арам тамактар
+6
Medina87
2017-04-15 16:18:54
Суротторуно карасан дегеле карактоочу деп санагын келбейт.
Бирок, кармалышса жазаларын тартсын эми куноолору далилденип атса.
Эээх, Кыргыздын жигиттери...
+4
aliko78
2017-04-15 18:53:38
Такырбаштарга жолуккурлар.
+5
bond02
2017-04-15 20:59:32
Кыргыздар кыргыздарды гана тоногонго кучтору жеткени окундурот да, башка улутту коргондо апасы жанында болсо "местасына" кирип кетейин дейт, колундан келсе кыргыздын кыздарын кордогон балдарды тоно.
+5
kushtari
2017-04-15 23:55:50
Анкоолор турмого кирип сабак алып чыгатурган екенсинер оной оокат, арам адал емне екенин билбеген мал сыяктуу екенсинер
+3
Dimon8485
2017-04-16 12:06:31
Ар бир адам Москвага деги эле чет олколордо жыргаганын журон жокда.ушундай текинкорлор тойгозуштуго.краларда( черный) кичине эле жакшы иштеп баштасан эле налог салышып айрыкча москва шаарында кобойуп кетти.Башка бирда улутта ушуга окшогон нерсе жок.качан караба кыргыз кыргызды тоногон,алдаган болуп шерменде болуп буттукко.
+1
mira77
2017-04-16 15:18:05
Аттарын толук жазып жана кайсы жерлик экенин толук жазсанар баттабылмак деп ойлойм
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан