Веложарышчы Евгений Ваккер 43 жашка чыкты. Ал 1974-жылы 16-апрелде Фрунзе шаарында туулган. Велоспортко токтолгуча спорттун бардык түрү менен машыгып көргөн. Профессионал катары 15 жашынан баштаган. Спортчу талыкпаган эмгектин аркасынан көптөгөн ийгиликтерди багындыра алган. Евгений Ваккер Азия чемпиондугунун 4 жолку алтын, 3 жолку күмүш медалчысы жана Азия оюндарынан 5 жолу күмүш медаль тагынган.
16-апрелге карата жылнаама.