ЖЫЛНААМА, 16-АПРЕЛЬ: 128 жыл мурун атактуу киноактёр, режиссёр, сценарист Чарли Чаплин төрөлгөн

Мындан 128 жыл мурун, 1889-жылы 16-апрелде америкалык киноактёр, режиссёр, сценарист Чарльз Спенсер Чаплин Лондондо артисттин үй-бүлөсүндө туулган. Турмуш жолун театрда актёр болуп иштөөдөн баштаган. Кийин кинорежиссёрлукка өтүп, 1915-жылы "Эс-Сеней" бирикмесинде тартылган 14 фильмде ("Анын жаңы иши", "Чемпион", "Паркта", "Автомобилге түшүп качуу", "Кызмат", "Банк", "Сатылып кеткен киши", "Музыка үйүндөгү кече") жаңы ыкмаларды киргизүүгө жетишкен. Көп узабай "Лоун стар" деген студияга өтүп, 12 фильмге тартылып, американын комедия жанрына бир топ ийгиликтерди алып келген. 1917-жылы "Тынч кече", "Дарылануу", "Чет өлкөгө качкан киши", "Укмуштарды издеген киши" деген чыгармалары экранга чыккан. Америкадагы бай көпөстөрдү ар кандай жолдор менен тымызын сындап, буржуазиялык коом эзип жаткан карапайым жумушчу адамдарга болгон боорукерлик көрсөтүлгөн. Көбүнчө ал бай мырзалар кийүүчү кийим-кечелерди сындаган.

Режиссёр фильмдеринин көбүндө комедиялык жана лирикалык мүнөздү айкалыштырган "кичине адамдын" образын түзүп, ал аркылуу кедейлик турмушту трагедиялуу баяндаган. "Париждик кыз" (1923), "Алтын азгырыгы" (1925), "Цирк" (1928) фильмдери дүйнөлүк комедиянын үлгүсү болсо, "Чоң шаардын оттору" (1931), "Жаңы мезгил" (1935) тасмаларында жумушсуздук, "Улуу диктатордо" (1941) фашизмди ашкерелеген. Ал эми "Месье Верду" (1947) фильми америкалык реакциячыл чөйрөлөргө жаккан эмес. Ошол эле мезгилде Чарли Чаплин бир куудулдун муңдуу тагдырын баяндаган "Цирктеги оттор" деген киносун тарткан. Мында фильмдин башкы каарманы менен Чарли Чаплиндин жеке турмушу окшошуп турган. 1952-жылы автобиографиялык мүнөздөгү "Рампа оттору" фильмин коюп, акырында куугунтукталган Чарли Чаплин Голливудду таштап Швейцариянын Веве деген шаарына барып жашаган. 1957-жылы "Нью-Йорктогу падыша" деген фильмин тарткан. Анын 1967-жылы чыккан "Гонконгдон келген мырзайым" деген комедиясы режиссёрду журтчулукка кеңири таанытып, комедия жанрынын өсүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон.
Чарли Чаплин 1977-жылы 25-декабрда 88 жаш курагында көз жумган. Ал жерге берилген соң опузачылар (шантажист) тарабынан сөөгү казылып алынган. Алар улуу комедия актёрунун үй-бүлөсүнөн акча талап кылышкан. Бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Себеби Чарли Чаплин ушул сымал окуя болорун сезгенсип, бир жыл мурун эле аялына “мени уурдап кетишип, акча талап кылышса, төлөбө” деген. Акыры кылмышкерлер кармалып, актёрдун сөөгү кайра жерге берилген.

16-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан