Ош шаарында ММА жана панкратион боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.
Азия мелдеши Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 19-22-май күндөрү өтөт.
"Учурда мелдеш өтүүчү стадионду Азия чемпионатына ылайыктап даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Чемпионатка Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Монголия, Сингапур, Түштүк Корея, Тажикистан жана Өзбекстан, жалпысынан Азиянын 12 мамлекетинен спортчулар келет. Ал эми Кыргыздын намысын 8 спортчубуз коргойт. Мындай чоң спорттук иш-чаранын Ош шаарында өтүшү элибиз үчүн да чоң сыймык", - деди Улукбек Өмүрзаков.
Панкратион жана ММА федерациясы 2013-жылы түзүлгөн. Ал Фёдор Емельяненко ардактуу президенти болгон Бүткүл дүйнөлүк ММА ассоциациясына мүчө болуп эсептелинет.