ЖЫЛНААМА, 16-АПРЕЛЬ: Ырчы Сема "туулган күнүмө балдарым сюрприз кылып кубантышты" дейт

Ырчы Сема (Самарбек Арзыматов) бүгүн, 16-апрелде 37 жашка чыкты. Аны куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү жакшы маанайда башталганын билдирди.

"Туулган күнүм менен биринчи болуп келинчегим саат 00:00дө куттуктап, саркеч кийим белекке берди. Ал эми жумуштан келсем, балдарым торт, шариктер менен тосуп алышты. Алардын сюрпризин көрүп кубандым, мен үчүн өзгөчө белек болду", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Самарбек Арзыматов 1980-жылы 16-апрелде Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа кыштагында төрөлгөн. 1995-жылы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, аны 1999-жылы аяктаган. Алгач сахнага 2002-жылы "Ой, тобо" ыры менен чыккан. 2003-жылы бир тууганы Жанарбек Арзыматов менен бирге "Сема" тобун түзгөн. Топ 2007-жылга чейин иштеп, кийин жоюлуп кеткен. Ошол убактан баштап Сема жеке ырчы катары чыга баштаган. Ырчы 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

16-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jako18
2017-04-16 16:23:38
Салам супер-инфо алымкан таштанбековадан маек алгылачы жапжаш азаматтан алып жатасыңаргоо
+1
kamchatka
2017-04-16 17:17:43
Эми чачын майлабай эле койсо болот 40 чыгайын деп калыптыр!
+2
kyrgyzstan00
2017-04-16 18:16:11
Туулган куну кут болсун,кооп жашасын!!!Бирок тааныбайт экенмин.
-3
bazar
2017-04-16 20:24:58
kyrgyzstan00, Кундуз Канатбек кызы менен "90-60-90" деген ырды ырдап чыккан
+3
Aiza9797
2017-04-16 19:34:43
Ушу ырчылар качан болбосун 00:00 деп айтышат , туурасын эле айткылачы кооздобой.
+2
kanu
2017-04-16 21:44:51
балдары чоон болуп калыптыр жап жаш корунот экен озу
0
ayjan_90
2017-04-17 02:26:09
Озу да келинчеги да жапжаш корунушот экен балдары чоноюп калыптырго чыгармачылыктан алыстап кеткенго азыр бизнес менее алектенет деп уккам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан