"Тамашоу" Лигасынын жарым финалында "Ошингтон" биринчи орунду алды. Финалга 6 команда өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-апрелде Бишкектеги "Сейтек" балдар борборунда "Тамашоу" Лигасынын жарым финалы болуп өттү. Анда "Stud life", "Келечек", "Мисс шоу", "Ассорти", "Мурас", "Бугу", "National", "Ошингтон", "МК шоу", "МКБ", "Ала-Тоо", "Универсал" курама командалары оюн көрсөтүштү. Ал эми калыстар тобунун катарында SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Урмат Усенов, режиссёр Рысбек Жабиров, "КG group" курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташев жана мушкер Мыктыбек Мамасалиев болду. Командалар коомдогу, саясаттагы окуяларды тамаша аркылуу көрсөтүшсө, залдагы күйөрмандар суратпай кол чаап, командаларды кызуу колдоп жатышты.

"Тамашоу" Лигасынын жарым финалында айтылган тамашалар:

Келинге ыр:

"Келин келгенский, салат жасаганский,

Коноктор туалетке очередге турганский".

Жаш балдардын ыры:

"Свет өчтү карачы, ошондо биз жаралдык".

"Stud life" командасынын оюнчусу 3 айда жазган орусча ыры:

"Вот эта улица, вот это дом,

Вот эта улица, вот это дом.

Припев: Вот эта улица, вот это дом,

Вот эта улица, вот это дом".

Африкалык кара терилүү балдардын кыргыз кыздарын жактырып, ыр чыгаргандыгы:

"Сен мага тийсең, анда не болмок?

Үйүбүз шаңга, бактыга толмок.

Сенин жүзүң сары, меники кара,

Айтор, балдарыбыз да билайн болмок".

Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнө арналат:

"Мына ошентип эгемендүү кыргыз элим гүлдөсүн,

Галдир-гүлдүр болсо дагы, депутаттар сүйлөсүн".

Оюндун соңунда 12 командадан 6 команда финалга өттү. Буга чейин болуп өткөн оюндардагы бардык упайлардын эсеби боюнча 6-орунду "МК шоу", 5-орунду "Универсал", 4-орунду "Ассорти" алса, алдынкы үчтүккө Баткенден келген "Stud life", "Бугу", "Ошингтон" командасы кирди. Ошентип 6 команда май айында өтчү финалда чемпиондук үчүн күч сынашышат.

"Тамашоу" Лигасынын жарым финалы. 16.04.2017.
"Stud life" командасы "Тамашоунун" жарым финалында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
pixduel1
2017-04-17 01:53:07
Качан толук кылып чыгарат болду экен) ийгилик!
0
ayjan_90
2017-04-17 02:22:05
Админ мен качан толук кандуу жаран болуп саналам каталганыма 4 ай болуп жатат жооп берип коюнуз кутомун
0
admin_superstan
2017-04-17 10:38:49
ayjan_90, саламатсызбы? Сиз толук кандуу жарансыз.
+1
RusMos76
2017-04-17 15:17:04
ayjan_90,Куттуктайм
0
Kanat969023
2017-04-17 02:44:57
Тамашоу нун афтаритети туштубу билбейм акыркы жылдары андай деле кулкулу болбой калды.мурунку оюнчулар жакшы эле кызыктуу дагы болчу .ак орго,но нейм,жигиттер,ж.б
+7
MYRZAA
2017-04-17 05:21:56
Тамашоу проектисин ушундай денгээлге жеткен убагында токтотуу керек,анткени акыркы мезгилде Универсал менен Но Нейм командалары СУЙРОП келе жатышат,байкасанар Оштон келген командалар акыркы жылдары кубоктун баарын алып атышат.Балким Эрмекте эргуу кеттиби деп калдым.Тамашоу Сейтек борборуна откон кундон тартып баркы кетти,тамашалар маанисиз,кээде аша чаап салышат.Айтаарым,башка бир идея табуу керек,Тамашоу деген чон кеме чогуп баратат,аттин,статистиканы байкасанар болот.ИМХО
-7
Aizirek0805
2017-04-17 08:19:20
MYRZAA,Бул менен дагы түндүк-түштүк болуп бөлүп атасыңбы?Кайсы команда күчтүү болсо өздөрүнүн мээнети менен жеңип кубокту алып кетип жатышпайбы?Универсал Нонейм командалары сүйрөп атышкан болгондо азыр Универсал командасы 9-сезондо ойномок эмес,жөн гана сырттан колдоо көрсөтүп турушмак..
+7
Nadirov
2017-04-17 10:46:38
MYRZAA,просто сен каалагандай Тундуктуктор кубокту албай калганына артын куйуп атган жокбу??!!!Анда туз жала!))))
+2
Tyty1990
2017-04-17 07:24:28
Универсал жылдыз оорусу менен ооруп калганбы айтор жакшы эмес болду. Ошингтонго ийгилик
+10
nurkojo
2017-04-17 11:33:09
Студлайфка ийгилик
+1
JANNA00
2017-04-17 16:29:02
Бул эми 1 жылдан кийин [moderated]
+1
JANNA00
2017-04-17 16:29:59
интернетке чыгат куттуруп.
0
bakuly3333
2017-04-17 23:58:05
Соонун сөз жок.stud.life БАТКЕНДЕН ушундай команда чыктывы аа.көз тийбесин.ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан