Спортчу Дастан Лепшаков бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Кыргыз өлкөсүнүн кий чебери Дастан Лепшаков Орусиянын Югорск шаарында өткөн бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу мелдештин сайты билдирет.

Маалым болгондой, “курама пирамида” дисциплинасында өткөн чемпиондукта 20 өлкөнүн 70тен ашуун спортчулары күч сынашкан. Кыргыздын атынан 11 спортчу катышкан. Дастан Лепшаков катары менен 5 оюнду жеңип, финалга чыга алган. Анда кыргыз спортчусу орус кий чебери Иосиф Абрамов менен кез келди. Оюндун жүрүшүндө эки спортчу тең татыктуу оюн көрсөтүшкөнү менен чечүүчү партияны орус бильярдчысы утуп алды. Жыйынтыгында Дастан Лепшаков күмүш медалга татыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2017-04-17 10:56:30
Азаматсын Дастан.
+3
grace
2017-04-17 13:03:26
Азамат, куттуктайбыз баарыңарды.
0
Joldubai82
2017-04-17 22:36:02
Эмики оюнда бирди алышка арекет кыл азаматсын Достану.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан