ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: Белгилүү орус ырчысы Валерия 49 жашка толду

Белгилүү орусиялык ырчы Валерия 49 жашка чыкты. Ал 1968-жылы 17-апрелде Орусиянын Аткарск шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Туулган жериндеги музыкалык окуу жайдын фортепиано бөлүмүн аяктаган соң 1985-жылы Москвага көчүп келип, Гнесин атындагы Музыкалык академияга тапшырган. Ал жерде белгилүү ырчы Иосиф Кобзон менен элге кеңири таанылган актриса Гелена Великановадан таалим алган. 1992-жылы Валериянын биринчи ыр жыйнагы англис тилинде "The Taiga Symphony" деген аталышта жарык көргөн. Аны жарыкка чыгаруу болочоктогу ырчыга оңойго турган эмес. Виталий Бондарчук менен Ричардо Тейлстин жардамы көп тийген, тактап айтканда, алардын материалдык колдоосу менен Лондондон, Мюнхелден барып жаздырып келген. Бул англис тилиндеги жыйнак Европанын көпчүлүк бөлүгүнө шамалдай тараган.

1993-жылы Орусиянын журналисттери тарабынан ырчынын орус элинин эстрадасына кошкон салымы эске алынып, эмгеги бааланып "Жылдын мыкты адамы" наамы ыйгарылат. Мындай көңүл буруу Валерияга дем берип, чыгармачылыгы бир топ өркүндөп, 1999-жылы "Эң мыкты ырлар" деген экинчи альбому жарык көргөн. Анын ичинен "Сен ошол жактасың" ("Ты где-то там"), "Мени таарынтпа" ("Не обижай меня") деген ырлары узак убакыт хит-параддардын туу чокусун ээлеген.

Валериянын бул жетишкен ийгиликтеринде продюсери, ошол эле убакта жолдошу Александр Шульгиндин эмгеги өтө чоң болгон. Себеби ырларынын дээрлик баарынын сөзү же обону жолдошуна таандык эле. Кийин түгөйлөр эки башка жолго түшүп, 2003-жылы экөөнүн ортосундагы келишим сот аркылуу бузулат. Кийин ырчы Иосиф Пригожин менен чогуу иштешүү жөнүндө жаңы келишим түзүп, сахнага кайтып келген.
Жеке жашоосу
Ырчы биринчи жолдошу, "Импульс" ансамблинин жетекчиси, пианист Леонид Ярошевский менен кичинекей кезинде эле тааныш болгон. Ал Валериянын музыкалык окуу жайга тапшыруусуна түрткү берген. Ырчы 18 жашка толгондо ага турмушка чыккан. Бирок Валериянын продюсер Александр Шульгин менен таанышуусу биринчи жолдошу менен ажырашуусуна алып келген.
1993-жылы Александр Шульгин ырчынын колун сураган. Ал кезде экөөнүн ортосунда Анна аттуу кызы болгон. Түгөйлөр бир жылдан кийин Артемий, 1998-жылы Арсений аттуу 2 уулдуу болушкан. 2002-жылы ортодогу пикир келишпестиктерден улам ажырашып кетишкен. Кийинчерээк Валерия азыркы жолдошу, продюсери Иосиф Пригожинге 2004-жылы турмушка чыккан.
17-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zahid
2017-04-17 15:04:02
Темасын ондоп койгула админ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан