Орусиянын Ленинград облусундагы Тосно районунда болгон жол кырсыгында жабыркаган 4 Кыргыз жаранынын бири каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Кыргыз жараны кан жоготуудан улам каза болду. Эки Кыргыз жаранынын абалы орто экенин Орусиядагы Кыргыз элчилигинен кабарлашкан. Алар Тосно райондук ооруканасына жаткырылганы белгилүү. Ал эми кырсыкка кабылган дагы бир Кыргыз жараны жаракаты жок болгондуктан үйүнө чыгарылган.
Эскерте кетсек, 14-апрелде Орусияда Форд үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустагы жүргүнчүлөр жабыркаган. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылган.