20 жаштагы Алина Пирматова эл аралык "Miss Asia World" сулуулук сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышат. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди.
Аталган сынак бул жылы Ливанда май айында өткөрүлөт. 3-майда башталган сынактын финалы 21-майда өтөрү пландалууда.
Сынактын эрежеси боюнча катышуучулардын бою 173 сантиметрден жогору болуп, 17 жаштан 26 жашка чейин болуусу шарт.