7-майда Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери арасында 9-Май Жеңиш күнүнө карата кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Мелдешке шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлеринин жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын командасы катышты. Жыйынтыгында 1-орунду “Тез чара көрүү атайын отряды” (СОБР) , 2-орунду Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери, 3-орунду №704-ички иштер аскеринин “ШЕР” командалары утуп чыгышты. Иш-чаранын соңунда Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов сыйлуу жанан акчалай белектерин жеңүүчүлөргө тапшырды.