ЖЫЛНААМА, 17-АПРЕЛЬ: 19 жыл мурун америкалык ырчы, жазуучу, фотограф Линда Маккартни каза тапкан

Мындан 19 жыл мурун, 1998-жылы 17-апрелде ырчы, жазуучу, сүрөтчү, Пол Маккартнинин жубайы Линда Маккартни АКШнын Аризона штатындагы Тусон шаарында 56 жашында каза тапкан. 1995-жылы дарыгерлер ага көкүрөк рагы деген диагноз коюшкан. Анын абалы тез арада начарлап, оору бооруна өтүп кеткен. Линда Маккартни жашоосунда тапкан материалдык байлыгын жолдошу Пол Маккартниге мураска калтырып кеткен.

Ырчы 1941-жылы 24-сентябрда Нью-Йоркто төрөлгөн. 1960-жылы Аризона штатындагы университеттин көркөм өнөр факультетине тапшырган. 1962-жылы геолог Жон Мелвинге турмушка чыгып, Хэзер аттуу кыздуу болгон. Көп өтпөй 3 жылдан кийин түгөйлөр ажырашып кетишкен. Кийин "The Rolling Stones" рок тобу саякат жасаган яхтада, "Fillmore East" концерттик залында фотографтык кесипти аркалаган. 1960-жылдардын экинчи жарымында Арета Франклин, Жими Хендрикс, Боб Дилан, Женис Жоплин, Эрик Клэптон, "Simon and Garfunkel", "The Who", "The Doors" жана Нил Янг сыяктуу белгилүү аткаруучуларды сүрөткө тартып иштеген. Анын сүрөттөрү дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлган.

1967-жылы май айында "The Beatles" тобун негиздөөчүлөрдүн бири, атактуу музыкант Пол Маккартни менен таанышып, эки жылдан кийин ага турмушка чыккан. Пол Маккартнинин 1968-жылдан бери жазылган сүйүү ырларынын баары Линда Маккартниге арналган. Алардын арасында популярдуу "Maybe I’m Amazed" ыры дагы бар. Пол Маккартни жубайын музыкалык инструменттерде ойноого үйрөтүп, 1970-жылдарда белгилүү болгон "Wings" тобунун курамына киргизген. Жубайлар бирге чыгарган "Live and Let Die" чыгармасы үчүн "Оскар" сыйлыгын алышкан. Линда Маккартнинин "Seaside Woman" ырын камтыган "Wide Prairie" ыр жыйнагы анын өлүмүнөн кийин жарык көргөн.

17-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан