Роза Шакирова "Өмүр" аттуу ырынын клибине "Учур" театрынын актёр-актрисалары тартылганын, тартуу учурунда элдер стадионго чогулуп калганын айтат.
"Клипти ырчы Айбек Карымов тарткан, идеясы да ага таандык. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо тартылган. Түштөн кийин тартуу иштерин баштап, бат эле бүткөнбүз. Съёмка оӊой бүткөнү менен, көп убакыт даярданууга кеткен. Ретро стилиндеги көйнөк, унааны табуу, стадиондо студияны түзүүгө бир топ эле мээнет, убакыт кеткен. Мен барып ырдап койгом. Калган жумуштарды тартуучу топ бүтүргөн.
Тартуу учуру кызыктуу, көӊүлдүү өткөн. Айланасына кызыккан элдер топтолуп калган эле", - дейт Роза Шакирова.
Роза Шакированын "Өмүр" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.