АФК Кубогу: Кыргыз клубдары тайпадан чыгууга аракет жасайт

Эртең, 18-апрель күнү Азия футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында кезектеги тайпалык оюндар орун алат. 3-турдук оюнда эки кыргыз клубу “D” тайпасында 3 упай алууга аракет көрүшөт. Өлкөбүздүн чемпиону “Алай” конокто Дүйшөмбү шаарында жергиликтүү “Истиклол” менен кез келсе, бишкектик “Дордой” Түркмөнстандын чемпиону “Алтын Асырды” кабыл алат.

“Алай” үчүн 3 упай абадай зарыл

“D” тайпасы. 3-тур.

“Истиклол” (Тажикстан) – “Алай” (Ош)

Дүйшөмбү шаары, Борбордук стадион

18-апрель. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00

Оштун командасына АФК Кубогунда анчейин жолу жүрүшпөй жатат. Алгач 1-турдук оюнда “Алтын Асыр” командасына өз үйүндө 1:2 эсебинде утулуп калган. 2-турда Бишкек шаарында “Дордой” менен кез келип, оюндун соңку мүнөттөрүндө жалгыз голду өткөрүп алышкан. Мунун жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартып, упайга ээ боло алган эмес. “Истиклол” тескерисинче, 2 турдан кийин карамагында 4 упайга ээ. Өз үйүндө “Дордойду” 2:0 менен жеңип, “Алтын Асыр” менен конокто тең чыккан. Эгерде “Алай” бул оюнда упай жоготсо, анда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн дээрлик жоготот. Андыктан бул оюнда Оштун командасы үчүн жеңүү абдан маанилүү.

Оюн алдында эки команданын машыктыруучулары оюн тууралуу ой бөлүштү.

Немат Кошоков, “Алайдын” машыктыруучусу:

- “Истиклол” командасы күчтүү жана кооптуу атаандаш. Курамында өлкөнүн мыкты футболчулары менен чет өлкөлүк оюнчулары бар. Бул беттешке олуттуу даярдыктарды көрдүк. Аталган беттешке мурунку оюнда кызыл кагаз алып калган Муролим Ахмедов чыга албайт. Татыктуу оюн көрсөткөнгө аракет жасап, жеңиш үчүн ойнойбуз. Эки команданын мүмкүнчүлүктөрү эртеңки оюнда бирдей.

Мухсин Мухаммадиев, «Истиклолдун» машыктыруучусу:

- "Алай" мыкты командалардын катарында. Учурда футболдо алсыз команда деген жок. Эртеңки оюн абдан кызыктуу болот деп ишенем. “Алай” буга чейин эки жолу утулуп калган, демек, жоготууга эч нерсеси жок. Менин командам өз күйөрмандарынын алдында татыктуу оюн көрсөтөрүнө ишенем.

“Дордой” үчүн олуттуу сынак

“D” тайпасы. 3-тур.

“Дордой” (Бишкек) – “Алтын Асыр” (Түркмөнстан)

Бишкек шаары, Д.Өмүрзаков атындагы стадион

18-апрель.Бишкек убактысы боюнча саат 19:00

Бишкектик “Дордой” өз үйүндө Түркмөнстандын чемпионун кабыл алат. Аталган беттеште “дордойчулар” 3 упай алууга аракет жасашы керек. Себеби түркмөндөрдүн командасы Ошто “Алайды” жеңип алган, тайпада 4 упайга ээ. “Дордой” мында упай жоготууга жол берсе, анда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү азаят. 4-турда бишкектик команда “Алтын Асыр” менен конокто ойнойт. Тайпанын жеңүүчүсү гана чейрек финалга чыга аларын эстен чыгарбоо кажет.

“Дордойдун” машыктыруучусу Мурат Жумакеев ар бир беттеш чечүүчү экендигин оюн алдында билдирди.

- АФК Кубогунда кызуу беттештер уланат. Анда ар бир беттеш чечүүчү болуп калды. Муну биз дагы, атаандаштар дагы жакшы түшүнөт. Курамда өзгөрүүлөр жок, футболчулар эртеңки оюнга даяр. Футбол командалык оюн, андыктан комбинацияга ылайыкталган футболго ыктайбыз.

“Алтын Асыр” машыктыруучусу Язгулы Хожагелдиев:

- Аба ырайынан улам эртеңки оюн абдан татаал болот. Талаанын ар бир бөлүгүндө күрөш жүрөт. “Дордой” олуттуу атаандаш. Оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин күрөш жүргүзөт. Бирок биз дагы өзүбүздүн футболду сунуштап, жигердүү жыйынтык үчүн талаага чыгабыз.

АФК Кубогунда кыргыз футболу “Алай” жана “Дордой” менен чектелбейт

АФК Кубогу кыргыз клубдары менен эле чектелбейт. 18-апрель күнү Мальдив аралдарынын “Мазия” клубунда ойноп келген улуттук курама команданын дарбазачысы Павел Матяш “Е” тайпасынын алкагында Индиянын “Мохун Баган” командасы менен кез келет.

Ал эми “В” тайпасында “Аль-Вахда” (Сирия) менен “Аль-Хадд” (Бахрейн) беттешин Тимур Файзулин баштаган кыргыз калыстары тейлейт. Анын жардамчылары Замир Чыныбеков менен Исмаил Талипжанов болсо, Рысбек Шекербеков резервдеги калыс болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
radroy
2017-04-17 19:30:57
Алай менее Дордойоо ийгилик
+2
Mirbek730101
2017-04-17 19:56:24
Ийгилик биздин командаларга
+1
Edward.14
2017-04-17 20:09:29
Алай менен Дордойго ийгилик жана жениш!
+1
Baktiiar1995
2017-04-17 21:54:11
Эртен фудболдо "кыргыз" деген соз коп кобдонулат экен да.
+1
Damir.Turgunbaev
2017-04-17 23:31:02
Алга кыргыз!
+1
maks_nurba
2017-04-18 00:22:32
Дордой алга!
+1
zahid
2017-04-18 20:26:20
Эсеп кандай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан