Шоумен, бийчи Бакыт Байсариев 16-апрелде Бишкектеги кафелердин биринде кызынын жентек тою менен чогуу үлпөт тоюн өткөрүп, элден бата алды.
Тойго эки жаштын туугандары, достору жана кыргыз шоу-дүйнөсүнүн өкүлдөрү Замир Арыкбаев, Омар, Эрмек Нурбаев, Тола Турсуналиев, "Non-Stop" дуэтинин солисти Максат Садырбеков жана башкалар катышышкан. Анда алты тамада алып баруучулук кызматты аркалашса, "Жарайт City" долбоорунун жигиттери коноктор үчүн тамашалуу номерлерди аткарышып, элдин маанайын көтөргөн.
Белгилей кетсек, Бакыт Байсариев буга чейин "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Өзүңөр билгендей, кыздуу болгонбуз, жентек той менен чогуу үйлөнүү-үлпөт тоюбузду берүүнү пландап жатабыз. Келинчегим Алия 20 жашта, ортобузда Айчолпон аттуу кызыбыз бар", - деп билдирген.