Чүй ОИИББи: "Марлендин каты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат"

15 жаштагы Марлендин каты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Медреседеги балдардын кыймыл-аракети боюнча эч ким арыз менен кайрылган жок. Марлендин апасы болгону бизге жоголгону боюнча арыз жазган. Азыркы тапта Марлендин каты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Медресенин мугалимдери жана тарбиялануучулары суракка алынууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Айта кетсек, 13-апрель күнү SUPER.KG порталына Гүлзат Асанбекова кайрылып, 15 жаштагы баласы Марлен Айбар уулунун 4-апрелден бери дайынсыз экенин билдирген болчу. Асанбекованын айтымында, баласы Токмок шаарынын 3-кичи районундагы медреседе жашап, окуп жүрчү. 4-апрель күнү ошол жерден чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Дайынсыз делген баланын досуна калтырып кеткен катында, медреседеги балдардан запкы жегени жазылган.

Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын дин башкармалыгы "Марлен медреседе окуган да, жашаган да эмес" деп билдиришкен.

Ал эми 16-апрель күнү Марлен Бишкектен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан