КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Жубайларды ажырашуудан сактап калган "Бар үмүтүм сенде" көркөм тасмасы SUPER.KG порталында

Бүгүн, 18-апрелде "Кинозал" бөлүмү жашоо чындыгын чагылдырган "Бар үмүтүм сенде" аталышындагы көркөм тасма менен толукталды. Анда башкы каармандардын образын Нурсултан Урматов, Наргиза Осмонова, Залкар Карымшаков, Эльвира Жумалиева жана башкалар ойношкон. Режиссёр Турусбек Жумалиев фильм бир үй-бүлөдөгү түгөйлөрдү ажырашуудан сактап калганын айтат.

"Бул тасманы көрүп, бир үй-бүлөдөгү жубайлар ажырашыбыз деген оюнан кайтышыптыр. "Биз ажырашууга арыз жазып сотко кайрылган элек. "Бар үмүтүм сенде" тасмасын көргөн соӊ ал оюбуздан кайтып жараштык", - деп көрүүчүлөр телефон чалып айтып жатышты.

Негизи фильмде адамдар балдарын тирүүлөй жетим калтырбай, аларга туура тарбия берип, кыйынчылыктарын эч кимге билгизбей жашап, кыз-жигит болуп жүргөн кездеги сүйүүсүн өмүрүнүн аягына чейин сактап калышы зарыл экендиги айтылат", - дейт Турусбек Жумалиев.

Тасмада 4 баланын энеси, психикалык жактан жабыр тартып, үй-бүлөсүн санаага салган 40 жаштагы Назик аттуу айымдын жашоосу чагылдырылган. Жашагысы келбей, ачуусу бат келип, күнүгө жаңжал чыгарган ал акыры ооруканага жаткырылат. Буга чейин Назик жасап келген үй жумушу, балдарды кароо өңдүү түйшүктөр күйөөсү Адиске жүктөлөт. Тагдырдын берген сыноосуна сынбай, Адис кайраттуулугу менен кыйынчылыкты жеңип, мээрими менен аялын айыктырып, үй-бүлөсүн сактап калат.

"Бар үмүтүм сенде" тасмасын бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidani
2017-04-18 17:21:09
Кыйратыпсынвр
-1
admin_portal
2017-04-19 17:29:45
Aikyn93, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан