19-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын жооптук беттештери орун алат. Мадридде “Реал” немис футболунун күзгүсү “Баварияны” кабыл алат. Англия чемпиону “Лестер” мадриддик “Атлетико” менен ойнойт. Бул түнү Мадрид майрамга же кайгыга чөмүлөрүн эки беттеш аныктайт.
Дөө-шаалар тиреши-2. Камбэк күтүлөбү?
"Реал М" (Испания) - "Бавария" (Германия)
Биринчи оюндун жыйынтыгы – 2:1
Стадион: Мадрид шаары, "Сантьяго Бернабеу" стадиону.
Калыс: Виктор Кашшаи (Венгрия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
“Бавария”: Роберт Левандовски жардамга келет
Европанын дөө-шаа командалары кайрадан футбол талаасында кез келишет. Аталган оюндун биринчисинде Карло Анчелотти өз шакирти Зинедин Зидандан утулуп, эми намысын сактоо үчүн күчүн жумшайт. Чындыгында, “Бавария” үчүн оюн үйүндө болобу же коноктобу маанилүү эмес. Курамында дүйнөнүн мыкты футболчулары чогулган команда бул оюнда жок дегенде 2 гол киргизүүсү шарт. “Немис машинасынын” жарым коргоочусу Арьен Роббен “Бавария” алгачкы кооптуу абалды голго айландыруусу керек” деп билдирди. Муну менен немис командасы чабуул артынан чабуул коюуга белсенет. Жаракатынан улам биринчи оюнда катышпай калган команданын негизги бомбардири Роберт Левандовски Мадридде өтө турган беттешке толугу менен даяр. Польшалык футболчунун талаага чыгышы командалаштарына кошумча дем берет.
“Реал”: Мыкты коргонуу – чабуулга өтүү
Мадриддик команда конокто жеңүү менен жарым финалга ири кадам таштагандай болду. Бирок мыкты командалардын тирешүүсүнүн жыйынтыгын эки оюндан кийин гана чыгаруу керек. Муну Зидан жакшы түшүнөт. Аталган оюнда “Реал” биринчи максатты коргонууга коёбу же чабуулга өтөбү оюндун жүрүшүндө гана биле алабыз. Бирок футболдо мыкты коргонуу бул чабуулга өтүү саналат. Демек, Роналду баштаган Мадриддин чабуулу немис командасынын коргоочуларын жумушсуз калтырбайт. “Реал” Зидандын карамагында оюндун акыр-аягына чейин күрөшүүнү мыкты өздөштүрө алды. Бул күнү да Серхио Рамостун өнөрүнүн кереги тийип калуусу ыктымал.
Чемпион жооп кайтарат
"Лестер" (Англия) - "Атлетико" (Испания)
Биринчи оюндун жыйынтыгы – 0:1
Стадион: Лестер шаары, "Кинг Пауэр" стадиону.
Калыс: Жанлука Рокки (Италия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).
“Лестер”: Чейрек финалдагы жалгыз англиялык клуб
Англиянын чемпиону Мадридде өткөн беттеште татыктуу жыйынтык көргөздү. 1:0 эсебин жооптук беттеште өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. “Кинг Пауэр” стадионунда күйөрмандар өз сүйүктүүлөрүн 90 мүнөт бою алга сүрөйт. Болгону, Рияд Марез менен Жейми Варди дарбазага таамай болушу шарт. Аталган команданын коргоочусу Кристиан Фукс “Лестер” футболчулары талаада болгон күчүн жумшап, жарым финалга жетүүгө аракет жасайт деп билдирди. “Дагы качан Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чейин жетерибизди ким билет, ошондуктан бүгүн тиешелүү жыйынтык көргөзүшүбүз керек” деп белгиледи.
“Атлетико”: Башкы ишеним Гризманнда
Диого Симоене аталган оюн “Атлетико” үчүн эң татаал оюндарынын бири болот деп белгиледи. Чындыгында, футболчуларынан тарта күйөрмандарына чейин Англияга конокко баруу өзгөчө көрүнүш. Бул оюнда мадриддик команда оюндун өзөгүн контр чабуулга ыкташат. Ылдам жана ыкчам оюнчулар Антуан Гризманн менен Феррейра-Карраско оюндун жыйынтыгын чечүүгө белсенет. Мадриддик ханзаада канча гол жарата аларын оюнда көрө алабыз.