Кыргыз баскетболчусу Кыраанбек Макен уулу Кытай чемпиондугун жеңип алды

Кыргыз баскетболчусу Кыраанбек Макен уулу Кытай чемпиондугун жеңип алды. Ал Үрүмчү шаарынын Синьцзян Флайинг Тайгерс командасынын капитаны болуп келет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары билдирет.

Белгилүү болгондой, Синьцзян Флайинг Тайгерс командасы Кытай баскетбол ассоциациясынын быйылкы сезонунда 38 оюндан 32 жолу жеңишке жетишкен. Плей-офф баскычында 2 команданы жеңип, финалга чыга алышкан. Анда Гуандун Тайгерс командасын 4 оюнда 4 жолу жеңип, Кыраанбек Макен уулунун командасы чемпиондукту багынтты.

Чемпиондук кубокту кезинде атактуу баскетболчу, НБАнын “Хьюстон Роккетс” командасында ойноп келген Яо Мин тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
futboler
2017-04-18 18:25:28
Молодец
+3
Jumabay-kgz
2017-04-18 20:51:17
Кыраанбек Кытайдагы кыргыздар гана эмес, бүт Шинжаң элинин, кытай элинин сыймыгы болуп калды!
+2
kandaba92
2017-04-18 21:03:29
Азаматсын Кыраанбек 1.5 млрд Кытайдын ичинен
+4
bekbol2006
2017-04-19 00:46:21
Азаматсын Кыргыз уулу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан