Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-апрель күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 408-чакырымында болгон. Анда DАF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ташты сүзүп, 1991-жылы туулган Э. уулу Р. аттуу айдоочу кыпчылып калган. Бирок эч кандай жаракат алган эмес. Ал эми жанындагы жүргүнчү К.Н.Днын оң буту сынып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.