2012-жылы Мароккодо өткөн самбо боюнча мелдеште Дүйнө чемпиону аталган спортчу Эркинбек Үмөталиев 52 жашка чыкты. Ал 1965-жылы 19-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылында туулган. 1979-жылы Талас шаарына барып, спорттогу алгачкы кадамын таштаган. Алгач өспүрүмдөр арасында облустук, республикалык, союздук мелдештерде күрөшүп ийгиликтерди жаратса, кийин чоңдор арасында Азия биринчилигинде, эл аралык мелдештерде күрөшүп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.
Чоң спорттогу 34 жылдык эмгегинин натыйжасында 2012-жылдын 18-октябрында Марокконун Касабланка шаарында өткөн Самбо боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнөлүк чемпиондукта алтын медалды багынтуу менен Дүйнөнүн чемпиону деп табылган. Андан соң 2013-жылдын 3-5-октябрында Болгариядагы Бургас шаарында өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигинде күмүш медалды багындырган. 2015-жылы 22-25-октябрда Грециянын Ашдод шаарында өткөн спорт чеберлеринин арасында самбо боюнча дүйнө чемпиондугунда экинчи орунду ээлеген. Ошондой эле 2016-жылы октябрь айында өткөн Ардагерлер арасында самбо боюнча дүйнө чемпиондугунда дагы күмүш медаль тагынган.
19-апрелге карата жылнаама.