"Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардырууну уюштурду" делинип колго түшкөн Аброр Азимовдун агасы 28 жаштагы Акрам Азимов кармалды. Бул тууралуу алардын атасына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Акрам Азимов Кыргыз жергесинде кармалып, Москвага жөнөтүлдү. Москвада жашаган анын атасы Ахрал Азимов уулдарынын кылмышка тиешеси жок экенин айтууда. "Балдарым жакшы тарбия алышкан. Акрам менен Аброр Москвадагы кафелердин биринде чогуу иштешкен. Алар адамга зыян келтире тургандардан эмес. 28-мартта Акрам Кыргыз жергесине үй-бүлөсүнөн кабар алайын деп жөнөгөн болчу. Аброрду кармоо операциясын видеодон көрдүм, ага тапанчаны карматып коюшкан", - деди журналисттерге атасы.
Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 15 адам каза болгон. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. 17-апрелде Жалиловду даярдап, аталган терактты уюштурду делинип Аброр Азимов кармалган. Сот аны 3-июнга чейин камакка алган.