19-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында “Лестер” өз үйүндө “Атлетикону” кабыл алды. Алгачкы беттеште мадриддик команда 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Андыктан англиялык клуб алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга өттү. Бирок 26-мүнөттө Фелипе Луистин чыгарып берүүсүн Сауль Ньигес башы менен таамай сокку узатты. Эми “Лестер” жарым финалга чыгуу үчүн 3 гол киргизүүсү керек эле.
Экинчи бөлүктө чабуулчу Жейми Варди айырмалана алды. Жыйынтыгында финалдык ышкырык 1:1 эсебин каттады. “Атлетико” жарым финалда, “Лестердин” Чемпиондор Лигасында жолу аяктады.