Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы Президенттин мурдагы администрация башчысы Тойчубек Касымовго тиешелүү иштин жоголгону боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316 (шалаакылык) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2004-жылдын март айында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация башчысы Касымов, тууганы С.Мга 0,6 гектар жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Бишкек шаарынын мэрине тапшырма берген. Мындан улам Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы колдонуудагы жер мыйзамсыз берилип, 6 кабаттуу имарат курулган.
2007-жылдын 15-мартында аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө Тойчубек Касымовго сыртынан айыбы угузулуп, издөөгө алынган. Шектүүнүн жүргөн жери аныкталбагандыктан тергөө иштери токтотулган.
2017-жылдын март айында Биринчи Май райондук прокуратурасы аталган жер тилкенин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Биринчи Май РИИБинен кылмыш ишти сураган. Бирок архивден табылган эмес.
Азыркы тапта иштин жоголгону боюнча козголгон кылмыш иши экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.