"Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси Эмил Эшеналиевге айыбы угузулду. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин
221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда.
Айта кетсек, "Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси Эшеналиев чет өлкөлүк компаниянын интернетке болгон бааны жогорулатуу боюнча бир тараптуу талабынын негизинде келишим түзгөн. Анда "К.Т.К" жана "G.K.S.G" ишканалары менен интернеттин 1 мегабит секундасына 30 доллар төлөө макулдашылган. Ошондой эле жогорудагы эки ишканага 275 миң доллар ашыкча төлөнгөн. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Мындан улам ишкананын директорлор кеңеши Эмил Эшеналиевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алышкан.