20-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын жооптук беттештери жыйынтыкталды. “Барселона” өз үйүндө туриндик “Ювентусту” кабыл алса, Монакодо жергиликтүү команда дортмунддук “Боруссия” менен кез келди. Оюндардын жыйынтыктары менен жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду.
Коргоочулар чабуулчулардан мыкты
"Барселона" (Испания) - "Ювентус" (Италия) – 0:0
Биринчи оюндун жыйынтыгы – 0:3
Оюндун 10-мүнөтүнөн тарта чабуулдар алмак-салмак жүрүп жатты. Коноктордон Игуаин аракетин көрсө, каталондук клубдун лидери Месси кооптуу абалды жараткандардын башында турду. Бирок бул күнү “Барселонага” ийгилик жылмайган жок. Оюндун жүрүшүндө жалпы 15 сокку узатса, алардын бардыгы таамай болгон жок. Дарбазадагы Буффон өз оюнчуларына ишеним берип турду. Месси өз карьерасында Буффонго бир да жолу гол киргизип көргөн эмес. Бул оюндан соң аталган статистика улантылды. Оюндан соң Луис Энрике “Ювентус” татыктуу түрдө жарым финалга өткөндүгүн билдирди. Муну менен “Барселона” эки жыл катары менен чейрек финалдан утулуп калууга мажбур болду.
Мбаппе "Монакону" алга сүрөйт
"Монако" (Монако) - "Боруссия Д" (Германия) - 3:1
Голдор: Мбаппе (3-мүнөт), Фалькао (17-мүнөт) , Жермен (81-мүнөт) - Ройс (48-мүнөт)
Биринчи оюндун жыйынтыгы – 3:2
Үй ээлери конокторго бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок. "Монако" өз үйүндө канчалык экендигин көрсөтө алды. Оюндун 3-мүнөтүндө Мбаппе эсепти ачып, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Арадан аз убакыт өтпөй Фалькао эсепти 2:0 кылды. Мындан кийин "Боруссиянын" жарым финалга чыгуусу мүмкүн эмес болуп калды. Бирок 2-таймдын башында Ройс айырмаланып, дортмунддуктар намыс үчүн күрөшүүгө белсеништи. Беттештин чекитин алмашууга чыккан Жермен койду. Эсеп 3:1. "Монако" татыктуу түрдө жарым финалга чыкты.
"Атлетико М", "Реал М", "Ювентус" жана "Монако" Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан командалар. Анда ким кимге кез келет, 21-апрелде өтө турган чүчү кулакта билинет.