СССРдин спорт чебери Александр Воинов 53 жашка чыкты. Ал 1964-жылы 20-апрелде Тажикстанда жарык дүйнөгө келген. Атасы дунган улутунан, апасы орус. Тажикстанда 17 жашына чейин жашап, кийин Кыргыз мамлекетине келип Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун, Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, кикбоксингден профессионалдардан дүйнө чемпиону (1992-жыл. Сан-Диего, АКШ). Ал Ысык-Ата райондук балдар спорт мектебинде машыктыруучу, Ысык-Ата райондук спорт комитетинде төрага болгон. 2008-2009-жылдары Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматын аркалаган. Ошондой эле кикбоксинг федерациясынын жетекчиси, 2007-2009-жылдары экс-президент Курманбек Бакиевдин дене тарбия жана спорт боюнча кеңешчиси болгон. Ал "Даңк" медалы, "Данакер" ордени менен сыйланган. Учурда Александр Воинов Кыргыз мамлекетинин Кикбоксинг федерациясынын президенти.
20-апрелге карата жылнаама.