"Адэм" бий тобунун жигиттери орусиялык "Чи-Ли" тобунун "Одной крови" ырынын клибине тартылышты. Бул тууралуу топтун жетекчиси Атай Өмүрзаков жазып чыкты.
Ал эми колдонуучулар "кызыктуу клип, жарыктар, динамикасы баары сонун", "Силердин стилиңер жакты. Ийгилик сиздерге!" деген билдирүүлөрдү жазышууда.
Белгилей кетсек, "Чи-Ли" тобу 2005-жылы негизделген. Долбоордун вокалисти Ирина Забияка. Ошондой эле анда Сергей Карпов, Михаил Калинин, Иван Новиков, Светлана Полякова, Максим Комаров, Антон Пивцов эмгектенишет.