ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Орусиялык рэп ырчы Баста 37 жашка чыкты

Бүгүн, 20-апрелде орусиялык рэп ырчы, композитор, теле, радио алып баруучу, актёр, сценарист, режиссёр Баста 37 жашка толду. Чыныгы аты-жөнү Василий Вакуленко. Ошондой эле Ноггано, N1NT3ND0, Bratia Stereo, Баста Хрю деген лакап аттар менен белгилүү.

Ал Ростов-на-Донуда туулган. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле музыкалык мектептен да билим алып, кийин музыкалык училищеде дирижёрлукка окуган. Дал ошол убакта Баста музыканын хип-хоп түрүнө кызыгып, ал эми 15 жашында рэп жаза баштаган. Баста 17 жашка толгондо өзү рэп окуй баштап, дал ошол убакта өзүнүн алгачкы "Шаар" ("Город") аттуу ырын жаздырган.

Анын "Любовь без памяти", "Моя Вселенная", "Голос", "Выпускной" жана башка белгилүү ырлары бар.

Жеке жашоосу:

Ырчы 2009-жылы Елена Пинская аттуу сулууга баш кошкон. Түгөйлөрдүн ортосунда Мария (2009), жана Василиса (2013) аттуу кыздары бар.

20-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан