"Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурган" деп шектелген Аброр Азимов 2013-жылы Кыргыз жарандыгынан чыгып, Орусиянын жарандыгын алган

"Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурган" деп шектелип кармалган Аброр Азимов Орусия жарандыгын атасы аркылуу алган. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Аброр Азимов 2013-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып, ошол эле жылы Орусиянын жарандыгын алган. Анткени ошол учурда Азимовдун атасы Орусиянын жараны болчу. Мыйзамга ылайык, ата-энесинин бири Орусиянын жараны болуп, туруктуу жашаган каттоосу болсо кызы же баласы жарандык ала алышат.

Орусиянын Оштогу генералдык консулу Роман Свистиндин айтымында, Азимовго Орусиянын жарандыгын берүүдө бардык маалыматтар дыкат текшерилген. Ошол учурда ага жарандыкты бербей коюуга негиз жок болгон.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, жанкечти менен кошо 14 адам каза болгон. Ошондой эле 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. "Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жардырууну уюштурган" деп шектелип Аброр Азимов кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ekaterinburg
2017-04-20 14:06:22
Озукелер баары биротоло кетип калышпады да ошол жака.Силерсиз деле жашоо"зынк"болмок!
+7
Dybala.
2017-04-20 14:35:13
Бари бир "Кыргыз" жаман корундуда
Бир [moderated]ын айынан
+4
Samina007
2017-04-20 14:47:54
Мен өзбек кыргыз чек арасында кызмат кылып жүргөндө командирим айтып калчы эле"бул ала канаттарды жааш кичине кезинде эле бууп өлтүрүп койуш керек чоңойгондо иш берет"-деп:):)
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-20 15:45:46
Эххх ХХХ орттоп эле салыш керек го ушуларды
+4
bond02
2017-04-20 15:47:30
Кыргызстан аябай актандык го ээ.
+3
Дарыгер
2017-04-20 18:17:28
ХХХ Паспорттон улут деген графаны алып коюптур. Эмнеге башка улуттар башыбызга чыгыш учун. "Улуту" деген графаны киргизиш керек кайра паспортко. Озбек тажиктердин айынан биз кыргыздар жапа чекпеш керек
+4
altynbekke
2017-04-20 19:33:41
Озбек кыргыз орус норвежец, эч качан бир улутту же дин террорист деген туура эмес, озбектер, тажиктер, казактар, кытайдагы уйгурлар булар биздин туболук коншу дос мамилеш туугандарыбыз азыр урушсак 100 жылдан кийин балдарыбыз баарыбир мамиле кылат
0
Medina87
2017-04-21 00:29:41
Жаман улут жок, жаман адамдар бар.
Бирок, Кыргызстанда туулган дегенде куйуууп кетем да...
0
admin_superstan
2017-04-21 12:12:49
bolotbeck1983, этика нормаларын сактаңыз, 5 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан