Мындан 18 жыл мурун, 1999-жылы 20-апрелде АКШнын Колорадо штатындагы "Колумбайн" мектебинде массалык өлтүрүү болгон. Бул күнү Эрик Харрис жана Дилан Клиболд аттуу окуучулар мектепке курал-жарактар менен башка окуучуларга жана кызматкерлерге кол салуу үчүн даярданып келишкен. Кол салгандар 23 кишини жарадар кылышкан, алардын 13ү каза болгон. Андан кийин кылмышкерлер өздөрүн атып өлүшкөн.
Эрик Харрис менен Дилан Клиболд окуяга чейин мектепте көп шылдыңга кабылышкан. Ал эми 1998-жылы жүк ташуучу унааны тоноп, соттолушкан. Эки окуучу мындай кылмышка өч алуу максатында барышканы алардын өздүк күндөлүктөрүндөгү жазууларынан улам белгилүү болгон. Атышуудан соң мектептин ашканасын жардырып, полиция кызматкерлери менен да атышууну пландашкан. Бул террордук актыга окуучуларга ок атуучу куралды 18 жаштагы Робин Андерсон сатып бергени менен, кийин анын эч кандай күнөөсү жок деп табылган. Ошондой эле балдардын өздүк архивинде өзүлөрү жасаган жарылуучу заттарды сынаган видеолору табылган. Мектептин ашканасына да өзүлөрү жасаган 2 жарылуучу затты коюшканы менен алар жарылбай калган.
20-апрелге карата жылнаама.