ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Белгилүү америкалык "Backstreet Boys" тобунун түзүлгөнүнө 24 жыл болду

Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылы 20-апрелде америкалык “Backstreet Boys” тобу Американын Орландо шаарында бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу тарабынан түзүлгөн. Топ түзүү идеясы эки жигит бир кечеде чогуу ырдап калган күнү пайда болуп, көп узабай өздөрү менен теӊ мектеп жашындагы балдарды топтун катарына ала башташкан.
Алгач топтун мүчөсү катары Ник Картер кабыл алынса, кийинчерээк жакын туугандар Кевин Ричардсон менен Брайан Литтреллдер келишкен. Ошондон тартып бир топко чогулган беш жигит чыгармачылыкта тынымсыз эмгектене башташат. Топтун эл алдына болгон алгачкы кадамы өздөрү окуган мектеп сахнасынан башталып, алгачкы концерти 1993-жылы 8-майда Орландо шаарында 3 миң көрүүчүнүн алдында болуп өткөн. Дал ошол концерттен күйөрмандарынын бири бул топтун келечеги чоң экендигин байкап, Америкадагы ырчыларга колдоо көрсөткөн “Jive Records” студиясына телефон чалган. Жыйынтыгында, “Backstreet Boys” тобу бул студия менен келишимге кол коюп, биргеликте иштеше баштайт. Бирок жигиттер дүйнөлүк масштабдагы атактуулукту багындыруу үчүн канчалаган эмгек жумшашса да 4 жыл бою өздөрү каалаган популярдуулукка жете алышкан эмес. Бул убакыт аралыгында “Backstreet Boys” тобу бир гана түнкү клубдардын жана ресторан-кафелердин жылдызы аталууга жетишкен.
1996-жылы топтун эң алгачкы “Backstreet Boys” (“Арткы көчөнүн балдары”) деп аталган жаңы альбому жарыкка чыгып, Батыш Европада популярдуу боло баштайт. Ал эми 1997-жылдан тарта дүйнөнүн эң атактуу музыкалык топторунун катарына кошулган “Backstreet Boys” тобу ырларынын сатылышы боюнча болуп көрбө­гөн­дөй натыйжаны көрсөтүп, 2001-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген.

20-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jiku_83
2017-04-20 21:36:05
Мен жакшы көргөн группа го...
чыккан касеталарын калтырбай алчуумун
+1
ekaterinburg
2017-04-20 21:54:48
Оооо...Ушулардын ырлары менен чонойдук го чиркин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан