Украинанын эстрада ырчысы Анастасия Приходько 30 жашка чыкты. Ал 1987-жылы 21-апрелде Киевде төрөлгөн. 15 жашында "ВИА Гра" тобуна кирүүгө аракет кылып, бирок анысы ишке ашкан эмес. Кийин Глиэр атындагы окуу жайды улуттук вокал боюнча аяктап, Киевдеги улуттук маданият жана искусство университетин бүтүргөн. Анастасия Приходького атактуулук Орусиянын Биринчи каналы уюштурган "Жылдыздар фабрикасы-7" долбоорун жеңгенде келген. Ал эми 2009-жылы ырчы "Евровидение-2009" сынагында Орусиянын атынан чыгып, 11-орунга ээ болгон.
Жеке жашоосу
2010-жылы 4-апрелде ырчы абхазиялык жеке ишкер Нури Кухилавадан Нанна аттуу кыздуу болгон. Түгөйлөр 2009-жылдан баштап сүйүү мамилесинде болгон. Бирок ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам 2013-жылы экөөнүн мамилеси токтогон. Анастасия Приходько ошол эле жылы Александр аттуу мырзага турмушка чыгып, 2015-жылы уулдуу болгон.
21-апрелге карата жылнаама.