Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кечээ, 20-апрелде саат 12:13 чамасында Чаткал айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылынын тургуну 1955-жылы туулган Аширов Салибай (Беш-Арал коругунун кызматкери) 12 атчан менен коруктан кайтып келе жатышып, Исфана суусунан атчан өтүүгө аракет кылып, сууга агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Суунун агымы тез болгондуктан бирге бара жаткан адамдар куткара албай калышкан. Исфана суусу болжол менен окуя болгон жерден 500-600 метр аралыктан кийин Чаткал дарыясына кошулат.
"Беш-Арал коругунун кызматкерлери 12 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерде байланыш болбогондуктан караңгы киргенде издөө иштерин токтотушуп, ӨКМнын райондук бөлүмүнө кечки саат 20:30 чамасында кабар беришкен. Саат 23:32де Өзүнчө куткаруу отрядынын 9 куткаруучудан түзүлгөн ыкчам тобу окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.
Издөө иштери бүгүн, 21-апрель күнү улантылат.